Жүргүнчүнүн жанын кашайткан бишкектик таксисттер

© AFP / LIU JINСлужба такси в Пекине
Служба такси в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигине борбор калаадагы такси кызматына болгон көз карашын жазып жиберген. Жигит иш күнү ар кандай болгондуктан такси менен жүрүүгө аргасыз экенин айтып, бир нече жыл ичинде айдоочулардын түрүн аныктап чыккан.

Эсептегичтен качкан айдоочулар

Булар сизди жердин түбүнө да жеткирүүгө даяр, болгону эсептегич сурабасаңыз эле болду. Эмне кереги бар? Бирок айткан жерге келгенден кийин сүйлөшүлгөн баадан 50-80 сомго көп сурайт, "мынча алыс экенин билбей калыптыр". 

"Чыгып атасызбы?"

Фирма аркылуу заказ алып келген таксисттин улам эле "чыгып атасызбы?" деп чалганы ого бетер шаштырып, ызы-чууңду чыгарып жиберет. Эреже боюнча айдоочу жөн гана эсептегичти күйгүзүп койсо болот. Бул жөнүндө ооз ачсаң, үйрөтүп жаткандай көрүп, кабак-кашы бүркөлө калат. Эркек болсо да көп унчукпайт, аялга тим эле арылдап эле бир тиет.

"Шаарды билбейт элем"

Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине чакырсаң, дарегиңди таппай айланып жүрө бергендер да бар. Андан да Москва-Абдрахмановдун кесилишине туруп алып, "келдим" дегеничи! Эшикте дагы жарым саат турасың, дарегиңди түшүндүрүп. Эптеп таап келген унаага отурсаң, бара турган "Асанбайды" таппай дагы жарым саат нервиңди жейт…

Бензин көп

Булар тыгын көп көчөлөр менен гана жүргөндөр

Шерик

Такси чакырдың. Келди. Карасаң — ичинде экөө отурат. Сурасаң — зерикпеш үчүн дейт…

Маршурткадан таксиге көчкөн айдоочулар

Жакшынакай баратып эле кол көтөргөн кишини салып алат. Баарыбыз бир тарапка баратыптырбыз да, көрсө!

Психолог

Маанайың чөгүп, шашып баратсаң, айдоочу эмне сиркең суу көтөрбөй жатканын сурап, ого бетер жиниңди келтирет. Айтканыңды укпай, унаанын алдына отургузуп ал дегеничи…

Шумахер

Кайдагы жол эрежеси?! Корксоң эмнеге машина айдап жүрөсүң! Газды бас, болушунча! Сени эркек дейт! 

Төрт-беш колдуу

Ооздо тамеки, бир колдо телефон. Ошол эле маалда шыпылдап радиону которуп, башка айдоочулар менен урушуп, ара-чолодо жүргүнчү менен да сүйлөшө коет. Каршы тилкеге өтө качып, кое бербей койгон айдоочу кызды ашата сөгүп, керек болсо сенин бул дүйнөгө эмнеге жаралганыңды да түшүндүрүп берет.

Саксынган айдоочу

Негизи таксини шашып жатканда чакырасың да. Чый-пыйың чыгып "болуңузчу, шашып атам" десең, кебелбей туруп "гаишниктер чыкса сиз төлөйсүзбү" деген жооп узатат. Түшө калып эле чуркап кеткиң келет да…

Майда жок

Кайрып бере турган майда акчанын жоктугу. Эми такси кызматын көрсөтүп жаткандан кийин даярданып албайсыңбы дейин дейсиң, тил гана кыска да…

Кир машина

Тоо гүлүнүн аңкыган жыпарын эч ким деле талап кылбайт дечи. Бирок шыбоо менен колоңсонун сасыгынан ичине отургус унаалар бар, жүрөктү айлантып…

Бишкектик таксисттин кыжырын кайнаткан 6 нерсени Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0