Элдияр Кененсаров: Эрмек ар дайым көз алдымда болсун деп КВНге тартып алгам

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Азия MIX" командасынын негиздөөчүсү жана капитаны Элдияр Кененсаров маек учурунда
Азия MIX командасынын негиздөөчүсү жана капитаны Элдияр Кененсаров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КВНдин Жогорку лигасында жеңүүчү болгон "Азия MIX" командасынын негиздөөчүсү жана капитаны Элдияр Кененсаров менен Бегимай Бакашева маектешти.

10 жылдан бери КВНде жүргөн Кененсаров ортодо Казак-британ техникалык университетинин жана Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан оюнчуларынан турган "Голос Азии" курама командасында ойноду. Ошондой эле Россиянын телеканалдарында дагы эмгектенип калган учуру бар. 

Ал эми акыркы беш жылда "Азия MIX" командасын түптөп, 2016-жылы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөнү КВНдин Жогорку лигасында чемпион кыла алды

Элдияр Sputnik Кыргызстан агенттигине КВНде басып өткөн жолу, жеке турмушу жана иниси Эрмекке жашоосундагы эң катаал күндөрдө кантип жөлөк болгонун айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлдияр Кененсаров: чоң КВНге биринчи жолу 2003-жылы Сочи фестивалына баргам. Эсимде, атам барып-келгениңе деп акча берген. Анда "Голос Азии" деген бириккен курама команда бар болчу, ага казактар, өзбектер жана кыргыздар кирчү
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Элдияр Кененсаров: чоң КВНге биринчи жолу 2003-жылы Сочи фестивалына баргам. Эсимде, атам барып-келгениңе деп акча берген. Анда "Голос Азии" деген бириккен курама команда бар болчу, ага казактар, өзбектер жана кыргыздар кирчү

— Элдияр, КВНге карай алгачкы кадамдар эсте да… 

Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кененсаров: Жогорку лигага чейинки жол тозокту жети жолу айланып чыккандай
— Чоң КВНге биринчи жолу 2003-жылы Сочи фестивалына баргам. Эсимде, атам барып-келгениңе деп акча берген. Анда "Голос Азии" деген бириккен курама команда бар болчу, ага казактар, өзбектер жана кыргыздар кирчү. 2004-жылы Премьер лигага өтүп кеттик. Андан кийин Кыргызстан курама командасы менен Урал лигасына катышып, утуп алганбыз. Бир аз убакыт Казакстандын командасында автор катары иштеп жүрдүм. Казак-британ техникалык университетинин командасы менен да Премьер-лигага илингенбиз.

— Кайсы бир мезгилдерде теле жаатына да өтүп кеттиңиз эле? 

— Ооба, бир аз убакыт Россиянын телелеринде кесиптештерим Василий Куценко, Жаннат Керимбаев менен бирге иштедик. Алар СТС каналындагы "6 кадров", "Даешь молодежь" берүүлөрүнүн, "Кухня" сериалынын авторлору. 

— Анан эмне болуп кайра КВНге кайттыңыз? 

— Москвада жүргөндө интернет аркылуу жубайым Камила менен тааныштым. Агезде кыргыздын КВНчилеринин оюндарын көрүп, жактырчу эмесмин. "КВНди башкачараак ойнош керек" деп келинчегиме айта берип, кулак-мээсин жеп салсам керек. Анан ал бир күнү "эмне эле отуруп алып сүйлөп атасың, эгер өзүңдү мыктымын десең Кыргызстанга бар, кыйындыгыңды далилде" деди. Ошондон бери беш жыл өтүп, азыр чемпион болуп отурабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлдияр Кененсаров: чынын айтсам, мен командага кыз керектигин, айрыкча Ситора жөнүндө таптакыр ойлонгон эмесмин. Ошентип Ситораны чакырдык, жыйынтыгы жаман болгон жок
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Элдияр Кененсаров: чынын айтсам, мен командага кыз керектигин, айрыкча Ситора жөнүндө таптакыр ойлонгон эмесмин. Ошентип Ситораны чакырдык, жыйынтыгы жаман болгон жок

— Келинчегиңиз дагы команданын иштерине аралашып жүргөнүн көрүп калабыз… 

Участница Азии MIX Ситора Фармонова - Sputnik Кыргызстан
Ситора Фармонова: убадалагандай эле эми турмушка чыгам
— Кичүү уулубуз төрөлгөнгө чейин Камила команданын директору болчу. Сахнанын артындагы негизги жүктү өзү тартчу. Ал дагы оңой жумуш эмес. Ары-бери учуулар, мейманканага жайгашуу, уюштуруучулар менен сүйлөшүү, келишимдер, айтор, өтө көп энергияны жана нервди талап кылат. Мисалы командадагы балдар уктап жатканда директор менен администраторлор иштеп жаткан болушат. Балам төрөлгөндөн кийин бир аз убакыт үйдө отурду, акыркы оюндарда кайра ишке киришип, сахнага дагы чыкты. Камила командага гана эмес, жеке мага чоң түрткү болду. Эң негизгиси мага ишенди, эркиндик берди. Ар бир эле адам түгөйү жарым жашоосун "сыртта" өткөрүшүнө макул боло бербейт. Камила ушунун баарына чыдап, колдоп берди.

— Командага Ситора Фармонованы алуу идеясы дагы Камилага таандык деп уктум эле? 

— Ооба, бир жолу команданы жакшыртуу пландарын ойлонуп отурсам "командага бир сулуу кыз керек" деп айтып, дароо Ситораны сунуштады. Чынын айтсам, мен командага кыз керектигин, айрыкча Ситора жөнүндө таптакыр ойлонгон эмесмин. Ошентип Ситораны чакырдык, жыйынтыгы жаман болгон жок.

— Эми жеке жашооңуз жөнүндө сүйлөшсөк. Атаңыз дүйнөдөн эрте өтүп кетиптир. Иниңиз Эрмекке атанын ордунда болууга туура келсе керек? 

— Ооба, атам каза болгондо Эрмек өспүрүм болчу. Бул куракта балага жоготуу, чукул бурулуштар өтө катуу тиет эмеспи. Мен өз жоопкерчилигимди сездим дагы, дайыма Эрмектин жанында болууну чечтим. Ал үчүн Эрмек күнүгө көз алдымда болуп, мен алектенген иш менен алектениши керек эле. Мектепте 10-11-класстарда окуп жүргөндө КВНге тарта баштадым. Биринчиден, мени менен ар дайым байланышта болот, экинчиден, өз дараметин текшерип көрсүн дедим. Анан өзүнө жагып, университетте окуп жүргөндө өзү баш-оту менен КВНге кирип кетти. Андан соң "Большие люди" долбоорун баштап калдык. Эрмек ал жерде башкы каармандардын бирин аткарып жүрдү. Жыйынтыгы кандай болгонун өзүңөр көрүп турасыңар. Азыр ал КВНде №1, эң күлкүлүү адам.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлдияр Кененсаров: мен КВНге качып, кийин Эрмекти дагы кошуп алганда апам нааразы болгон. "Болбогон бир иштерге баш оорутасыңар" деп урушкан. Анан былтыр президенттин колунан сыйлык алгандан кийин "балам, аябай кубандым, көрсө жакшы турбайбы" деди
Участники команды КВН Азия MIX в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Элдияр Кененсаров: мен КВНге качып, кийин Эрмекти дагы кошуп алганда апам нааразы болгон. "Болбогон бир иштерге баш оорутасыңар" деп урушкан. Анан былтыр президенттин колунан сыйлык алгандан кийин "балам, аябай кубандым, көрсө жакшы турбайбы" деди

— Эрмек экөөңүздөр тең башка кесип боюнча жогорку билим алганыңыздарды билем. Ал кесиптер боюнча кетпей, КВНди тандап алганда апаңыз каршы болгон жокпу? 

Снимок с официального сайта Первого канала. Видео финальной игры Высшей лиги Клуба веселых и находчивых - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын жеңиши — КВН финалынын толук версиясы
— Атам өтүп кеткенден кийин апам бардык жүктү өз мойнуна алды. Эч нерсеге карабай бизге жакшы билим бергенге аракет кылды. Дайыма окуубузга кызыгып, сурап турчу. Албетте, кесибибиз боюнча жумушка орноштурууга дагы аракеттенип жүрдү. Мен болбой эле КВНге качып, кийин Эрмекти дагы кошуп алганда апам нааразы болгон. "Болбогон бир иштерге баш оорутасыңар" деп урушкан. Анан былтыр президенттин колунан сыйлык алгандан кийин "балам, аябай кубандым, көрсө жакшы турбайбы" деди. Мен да жөн турбай "бизди урушчу элеңиз го" дедим. Апам Эрмек экөөбүздүн адам катары калыптанышыбызга чоң салым кошту, ыраазымын. 

— Көпчүлүк сиздин Алматы шаарында жашарыңызды билбейт экен. Ал жакка эмнеге кеттиңиз эле? Эмне иш кыласыз? 

— Алматыда шоу-бизнес, финансы жагынан мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Теле өндүрүш жааты дагы бир топ өнүккөн. Кыскасы рынок кененирээк. Биз бир убакта "Кыргызстанда жетчү нерсенин баарына жеттик" деп айтканбыз. Москвага барып иштөөгө деле мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок Москва биринчиден, бизден алыс, экинчиден, менин билишимче, бул шаарды баары эле жактыра бербейт. Ошол себептүү Алматы бизге баардык жагынан төп келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0