Нарында январдын ортосунда мал каттоо иштери башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдүн чыгышында кардан улам, жайлоодо калган малчыларга жардам берилүүдө
Ысык-Көлдүн чыгышында кардан улам, жайлоодо калган малчыларга жардам берилүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи кезекте бодо мал каттоого алынат. Аларга тагылган биркалар электрондук базага киргизилет.

НАРЫН, 6-янв. — Sputnik. Нарында малды толук каттоого алуу иштери ушул айда башталарын облустук ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Жалил Алымкулов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте бодо мал каттоого алынат. Аларга тагылган биркалар электрондук базага киргизилет.

"Нарын облусундагы бардык мал жандыктарын электрондук каттоого алуу иштерин үстүбүздөгү жылдын март айында бүткөрүү пландалып жатат. Учурда материалдык техникалык жабдыктар алынып, орнотулууда. Ар бир айыл өкмөттө адистер, ветеринарлар болуп жетиден киши иштейт. Ал үчүн облуста 320 адам окуудан өттү", — деди ал.

Алымкулов ошондой эле каттоо ишин баштоо үчүн Жумгал районунан Байзак, Ат-Башыдан Ак-Жар, Кочкор районунан Чолпон, Нарын районунан Жан-Булак, Ак-Талаадан Ак-Тал айылдары тандалып алынды. Каттоо иши 17-январда башталат. 

Ар бир бирканын баасы 40 сом болсо, кызматтын баасы 30 сом деп бааланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0