7-апрель боюнча соттолгон Нурлан Турсункулов менен Каныбек Жороев абактан чыкты

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСИЗО-4 УФСИН России по городу Москве
СИЗО-4 УФСИН России по городу Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурлан Турсункулов Бакиевдин убагында Башкы прокурор болуп иштесе, Каныбек Жороев президенттин аппаратын жетектеген.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 7-апрель боюнча соттолгон экс-башкы прокурор Нурлан Турсункулов менен президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев абактан чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган жарандар жаза мөөнөтүнүн жарымынын көбүн өтөп, шарттуу түрдө бошотулду. Алар эми күч органдарынын көзөмөлүндө болот.

"Кылмыш жаза кодексиндеги талап боюнча жаза мөөнөтүнүн 2/3 бөлүгүн өтөп, түз жүргөндөр шарттуу түрдө абактан чыгууга укуктуу. Турсункулов менен Жороев ушундан улам Аламүдүн райондук сотунун чечими менен шарттуу түрдө абактан чыгышты", — деп жазылат маалыматта. 

Жүздөгөн майып жөө жүрүшкө чыгып, 7-апрель баатырларын эскерди - Sputnik Кыргызстан
Жүздөгөн майып жөө жүрүшкө чыгып, 7-апрель баатырларын эскерди
Ал Турсункуловдун толук жаза мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында, Жороевдики июль айында соңуна чыгарын кошумчалады. 

Белгилей кетсек, Турсункулов менен Жороев 2010-жылы 7-апрелдеги революцияда элге ок чыгаргандардын катарында бар деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. 

Ушундай эле шарт менен буга чейин экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев абактан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0