Токтогул ГЭСиндеги авария жолго салынып кадимки режимде иштеп жатат

Жазылуу
Декабрь айынын ортосунда ГЭСте авария болуп бир агрегат иштебей калган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Токтогул ГЭСиндеги авария жолго салынып кадимки режимде иштеп жатканын "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

ГЭСтеги кубаттуулугу 300 мегаватт болгон №2 агрегат 15-декабрда иштен чыкканы бир жумадан кийин билинген. Бирок ишкананын маалымат кызматы мындай абал өлкөнү электр менен камсыздоого эч кандай таасир бербей турганын белгилеген. Аварияны жолго салуу үчүн Россиядан адистер чакырылган. 

"Жума күнү түнкү саат 01.56да 500 кВт кабель ишке кирди. Азыр бардык төрт агрегат тең кадимки режимде иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, авария 10-январга чейин оңдолору айтылган болчу.

Токтогул ГЭСиндеги реабилитациялык иштерди аткаруу планынын негизинде 500 кВ кабелди алмаштыруу аракеттери жаз айларына пландалган.

Токтогул ГЭСинин асмандан жана ички көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0