Борбор калаада мектеп окуучулары үчүн ийримдер иштеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКонструктор жасап жаткан окуучулар. Архив
Конструктор жасап жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүүгө бир гана мектеп окуучулары эмес, мугалим, ата-энелер да катышып жатат.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкектин мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусун кызыктуу өткөрүү максатында түрдүү ийримдер уюштурулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. 

Кызыктуу жана пайдалуу ийрим, сынактарды уюштуруу иштерин жалпыга билим берүү уюмдары жана балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү борборлору жүргүзгөн. 

"20 миң балага ылайыкталып 1300дөн ашуун чыгармачыл ийримдер уюштурулду. Иш-чаранын башкы максаты — балдардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатып, ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берүү. Мындан улам мээге чабуул жасаган түрдүү сынактар ойнотулуп, музей, театр, парк, китепканаларга экскурсиялар уюштурулуп, теннис, шахмат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүүдө", — деп жазылат маалыматта. 

Кызыктуу, пайдалуу убакыт өткөрүүгө бир гана мектеп окуучулары эмес, мугалим, ата-энелер да катышып жатат. 

Бишкектеги балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө жардам берген жана кызыктуу ийримдер тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0