Имамдар этика, саясат жана маданият боюнча билимин жогорулатууда

Жазылуу
Аталган окуу семинары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, "Ыйман" фонду тарабынан колдоого алынган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Муфтияттын түзүмүндөгү жалпы имамдардын квалификациясын жогоруулатуу максатында окуу семинарынын экинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. 

Экстермизттик адабияттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында экстремизм менен терроризмге каршы туруу аракеттери талкууланды
Аталган окуу семинары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, "Ыйман" фондусунун "Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Имамдардын квалификациясын жогорулатуу семинарынын экинчи айлампасында Баткен, Ош облусунун жана Ош шаарынын имамдары ОшМУнун теология факультетинде дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, риторика, имамдардын этикасы, акыйда, Ислам тарыхы, кыргыз маданияты жана дин, Куран, иш кагаздары предметтери боюнча сабактарынан билимдерин тереңдетүүдө. 

Учурда алты күндүк окуу курсуна Баткен облусунан 140 имам катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0