Ош филармониясы кеңейтилет

Жазылуу
Ош облустук филармониясынын имараты кеңейтилип, өзүнө миң адамды батырат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Быйыл Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын толугу менен реконструкциялоо иштери жүргүзүлөрүн директору Гүлшайыр Садыбакасова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Маалыматка караганда филармониянын азыркы имараты мурдагы "Космос" кинотеатрына таандык болчу.

"Азыркы имарат эки чакан залдан турат. Чоң концерттерди өткөрүүгө таптакыр ылайыгы жок. Реконструкциялоо маселеси көтөрүлгөнүнө бир нече жыл болду, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы болгондуктан башка иш-чараларыбыз көп болуп, имаратты оңдоого жетишпей калдык. Эки залдын ортосун алдырып, өзүнө миң адамды батыра турган чоң зал кылууну пландап жатабыз", — деди Садыбакасова. 

Белгилей кетсек, имарат 1958-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0