Жыл жаңырган секундда Кыргызстанда эки кыз төрөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность городского перинатального центра в Бишкеке
Деятельность городского перинатального центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки ымыркай жана жаш энелердин абалы жакшы.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жыл жаңырган түнү саат 00.00дө Кыргызстанда эки кыз төрөлгөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком: 15-17 жашында эне болгондордун саны өсүп жатат
Анын айтымында, наристелердин бири Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, экинчиси Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жарык дүйнөгө келди.

Жалпысынан 31-декабрдан эртең мененки 8.00дөн тарта 1-январдын ошол саатына чейин республика боюнча 316 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Анын — 155и эркек, 161и — кыз. 

Асылбашеванын айтымында, 00.00дө төрөлгөн кыздардын жана энелеринин ден-соолуктары жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0