Кыргызстанда орто эсеп менен 20-29 жашта үйлөнүшөт

© flickr.com / ChuWeiHunG IPhotoҮйлөнүү салтанаты. Архив
Үйлөнүү салтанаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйлөнгөн кыргызстандык жуптардын ичинен ар бир алтынчысы ажырашып тынат экен.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда орто эсеп менен 20-29 жашта үйлөнүшөт. Бул туурасында Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Өлкөдө 2000-жылдан тарта никеге тургандардын саны арбыган, албетте, аны менен кошо балдардын төрөлүү тенденциясы да өскөн. 

"Кыргызстандыктар орточо эсеп менен 20-29 жашта никеге турушат. Бул жарандык абалды каттоо кызматына кайрылгандардын 70 пайызын түзөт", — деп айтылат маалыматта. 

Былтыркы жылдын статистикасы менен алсак, үйлөнгөндөрдүн боосу бекем болбой, алардын ичинен ар бир алтынчы жуп ажырашып тынат экен. Айыл жергесинде 1000 никеге 104-106 ажырашуу туш келсе, шаардыктарда бул көрсөткүч 3 эсеге көп экендигин Статком билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0