Жаңырган жыл жылуу аба ырайы менен тосуп алат

© Sputnik / Табылды КадырбековСнежная битва в парке имени Даира Асанова
Снежная битва в парке имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жаңырган жылдын башында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болбой турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз +1…+6 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +2…+7 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 0…+5 болсо, Нарында күндүз —5…-10 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0