Россия президенти Путин кыргыз элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПремьер-министр РФ Владимир Путин поздравляет россиян с наступающим Новым годом
Премьер-министр РФ Владимир Путин поздравляет россиян с наступающим Новым годом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери өтүп бара жаткан жыл ичинде эки тараптуу кызматташууну күчөтүү боюнча алгылыктуу иштер жасалганын билдирген.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен кыргыз элин жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Россия лидери өтүп бара жаткан жыл ичинде эки тараптуу кызматташууну күчөтүү боюнча алгылыктуу иштер жасалганын билдирген.

"Мындан ары дагы эки өлкөнүн достук мамилелери чыңдала бере турганына толук ишенем. Кыргыз элине тынчтык жана бакубат жашоо каалайм", — деп жазылат куттуктоодо. 

Ал эми президент Алмазбек Атамбаевге россиялык кесиптеши ден соолук, бакыт жана ийгилик каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0