Окумуштуулар толук адамдар эмнеге аз кыймылдай турганын аныкташты

© AFP / FRED DUFOURПроблема лишнего веса в Китае
Проблема лишнего веса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар изилдөөгө алган чычкандарга 18 жума бою майлуу тамактарды беришкен. Бирок жаныбарлардан анализ алып көргөндө, семире элек чычкандардын организминде деле дофамин гармону азайып кетекени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Толук адамдар арыктарга караганда азыраак кыймылдашына жалкоолук же ашыкча салмак эмес, кыймылдан ырахат алууга мүмкүнчүлүк бербеген мээдеги гормоналдык өзгөрүүлөр себепкер экенин Cell Metabolism журналына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

"Биз физикалык активдүүлүк адамдын бекем ден соолугуна байланыштуу экенин билебиз. Бирок кыймылдын аздыгы эмнеден келип чагарына кызыкпайбыз. Көпчүлүк аны ашыкча салмак менен байланыштырат. Бул туура эмес түшүнүк", — деди АКШдагы Бетесда шаарындагы Улуттук диабет институтунун кызматкери Алексей Кравиц. 

Таразадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илимпоздор ашыкча салмак бардык органды жабыркатарын аныкташты
Кравиц менен кесиптештери эмне себептен толук адамдардын кыймылы аз болорун аныктоо үчүн чычкандаргады иликтөө жүргүзүп көрүшкөн.

Кравицтин айтымында, анын илимий "хоббиси" ашыкча салмакты изилдөө, ал эми негизги илимий кызыгуусу – Паркинсон илдети. Экөөндө тең адамдын мээсинде ырахат гармону аталып, кыймылынга таасир этчү дофамин гармонунун иши бузулары белгилүү. Мындай учурда адамдын кыймылы азаят.

Окумуштуулар изилдөөгө алган чычкандарга 18 жума бою майлуу тамактарды беришкен. Бирок алар жаныбарлардан анализ алып көргөндө, семире элек чычкандардын организминде деле дофамин гармону азайып кеткени белгилүү болгон. Мунун айынан ашык салмагы жок чычкандар деле кыймылдагысы келбей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0