Баткен жана Оштун имамдары билимин тереңдетишет

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПразднование Дня рождения Пророка Мухаммеда в Грозном
Празднование Дня рождения Пророка Мухаммеда в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семинарда дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, имамдардын этикасы, кыргыз маданияты жана дин, иш кагаздары боюнча сабак өтүлөт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) түзүмүндөгү райондук, шаардык имамдардын квалификациясын жогорулатуу максатында окуу семинарынын экинчи айлампасы өткөрүлөрү муфтияттын сайтында жарыяланды. 

Маалыматка карганда, семинар КМДБ тарабынан уюштурулуп, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондусунун "Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

"Имамдардын квалификациясын жогоруулатуу семинарынын экинчи айлампасы Баткен, Ош облусунун жана Ош шаарынын имамдары үчүн 2017-жылдын 2-январынан тарта башталып, окуу 6 күнгө созулат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Семинарда хадис, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, риторика, имамдардын этикасы, Пайгамбарлар тарыхы, ислам тарыхы, кыргыз маданияты жана дин, Куран, иш кагаздары сыяктуу предметтер боюнча сабактар өтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0