Кочкордун окуучулары Бишкекке келип майрамдап кетишти

© пресс-служба мэрии города БишкекПроект "Жаш карек — Кыргызстан глазами детей!" мэрией Бишкека
Проект Жаш карек —  Кыргызстан глазами детей! мэрией Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кочкордон келген окуучулар балаты орнотулган "Ала-Тоо" аянтына барып, мэр Албек Ибраимов катышкан жаңы жылдык оюн-зоокко күбө болушкан.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кочкор районунун мыкты окуучулары Бишкектеги №69 мектеп-гимназиясына келип, жаңы жылды майрамдап кетишкенин мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучулар муниципалитет тарабынан уюштурулган "Жаш карек — Кыргызстан балдардын көзү менен" долбоорунун алкагында келип кетишти. Аталган долбоор Кыргызстандын окуучуларынын арасында жылуу мамиле түзүү, патриоттуулукту күчөтүү, географияны, Кыргызстандын, шаар менен облустардын тарыхын окутуу максатын көздөйт.

"Акция алкагында балдар №69 мектептин окуучулары жана мугалимдери менен жолугуп, чет тилдерди үйрөнүү, активдүү окуучулар тууралуу талкуу жүргүзүштү", — деп айтылат маалыматта.

Кочкордон келген окуучулар балаты орнотулган "Ала-Тоо" аянтына барып, мэр Албек Ибраимов катышкан жаңы жылдык оюн-зоокко да күбө болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0