Кыргыз-кытай чек арасы 3 күнгө жабылат

© Sputnik / Владимир Корнев / Медиабанкка өтүүПункт пропуска "Нехотеевка" на российско-украинской границе в Белгородской области
Пункт пропуска Нехотеевка на российско-украинской границе в Белгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорттук каттамдар менен оор жүк ташуучу унаалар 3-январдан тарта өткөрүлө баштайт.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамга карата кыргыз-кытай чек аралары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, чек араларды убактылуу жабуу демилгеси Кытай тараптан көтөрүлгөн. 

"Торугарт жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары 31-декабрдан 2-январга чейин жабылат", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми транспорттук каттамдар менен оор жүк ташуучу унаалар 3-январдан тарта өткөрүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0