Рио Олимпиадасынын катышуучулары кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады

Жазылуу
Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюнунун катышуучулары кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Мамлекеттик спорт агенттиги аталган куттуктоо ролигин Youtube каналына жарыялаган.

Элди келе жаткан жаңы 2017-жыл менен өлкөнү балбандар Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, жеңил атлетчилер Виктория Полюдина, Дарья Маслова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана оор атлетчи Жаңыл Окоева куттукташкан. 

Спортчулар келе жаткан жылда өлкөгө экономикалык өсүш, тынчтык жана спорт жаатында жаңы жетишкендиктерди каалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0