Биометрикалык паспорттор тууралуу мыйзам долбоору артка кайтарылды. Эми эмне болот?

© Фото / пресс-служба ГРСБиометрикалык паспорттун эскизи
Биометрикалык паспорттун эскизи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети биометрикалык паспорттор тууралуу мыйзам долбоорун карап, кызуу талкуудан кийин артка кайтарды.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Биометрикалык паспорттор боюнча мыйзамдын ордуна өкмөттүн токтому чыгат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КСПД фракциясынын депутаты Дастан Бекешов билдирди. 

Белгилей кетсек, кечээ күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети биометрикалык паспорттор тууралуу мыйзам долбоорун карап, артка кайтарган. 

Аталган мыйзам долбоорунун автору Дастан Бекешовдун айтымында, мыйзам жаңы үлгүдөгү паспортторду берүү эрежелерин камтыган. 

"Негизи биометрикалык паспортторду берүү боюнча өкмөт токтом чыгарса эле болмок. Бирок мыйзам долбоору менен биометрикалык паспортторду берүү эрежелери кенен жана так жазылган эле. Мыйзам өтүп кетсе элге эле пайдасы тиймек. Тилекке каршы, өтпөй калды. Эми ал мыйзамды кайра алып чыкпайм. Маселе өкмөттүн токтому менен чечилет", — деди Бекешов. 

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Эржигитов маселе саясатташып кеткендигин билдирди. 

"Мыйзамды артка кайтаруу жүз пайыз саясий чечим. Маселе, тилекке каршы, саясатташып кетти. Буга атайын кызыкдар топ бар. Айрым депутаттар кай бир беренелерди иштеп чыгуу керек дешти. Чындыгында андай эмес. Себеби бардык талаптар эске алынган эле", — деди Эржигитов. 

Эске сала кетсек, мыйзам долбоору талкууланып жатканда ага каршы чыккан депутаттар жаңы үлгүдөгү паспорт берүү өзүнчө бизнеске айланып кеткенин айтышкан. 

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттор кийинки жылдын жаз айларынын тарта берилерин айтып, жаңы үлгүдөгү паспортторду көрсөткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0