Майрамда оорубаш үчүн эмне кылуу керек? Адистерден 10 кеңеш

Жазылуу
Ноябрдын аягында Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны кескин жогорулап кеткен. Майрам күндөрү оорубай, дем алышты көңүлдүү өткөрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин кеңештерине көңүл буруңуз.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги кышында ар түрдүү өнөкөт оорулар күчөп кетээрин эскертет. Ноябрдын аягында Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин жогорулаган. Борбордогу бардык муниципалдык мектептер жана аймактардагы бир нече окуу жайлар карантинге жабылган.

Ооруларга каршы туруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинен 10 кеңеш сунуштайбыз:

  1. Вакцинация жана профилактика. Ведомство имбирь, лимон жана ачуу калемпир колдонууну сунуштайт;
  2. Марли таңгычы сыяктуу коргоочу каржаттарды колдонуңуз. Аны 3-4 саат сайын алмаштырып туруу керек;
  3. Терезелерди ачып бөлмөнү желдетип туруу маанилүү. Себеби сасык тумоонун вирусу жылуу, абасы кургак, жабык жерде тез көбөйөт;
  4. Бөлмөгө арча түтөтүү дагы жакшы таасир берет;
  5. Сасык тумоону алдын алуу үчүн суусундукту көбүрөөк ичүү пайдалуу. Медиктер кайнатылган ит мурунду жана чайга лимон, малина, карагат, бал кошуп ичүүнү сунуштайт. Ал эми таттуу газдалган суусундуктар сунушталбайт.
Складдагы мандариндер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоого чалдыккан мандариндер — медиктер WhatsApp билдирүүсүнө жооп беришти
Майрамда ашыкча тоюп алуунун, көп алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн кереги жок. Тамактанууну тең салмакта кармоо зарыл. Витаминдер жана башка минералдык, пайдалуу азыктар организмге күч-кубат берет.
  • Жеке гигиенаны сактаңыздар. Колду тамак-аш жегенге чейин жана андан кийин жууп туруу керек. Айрыкча коомдук жайларга барганда бул эрежени эске алуу маанилүү. Ооруп калган адамдардын идиш-аягы менен буюмдарын колдонбоңуздар;
  • Климатты алмаштырып алыскы сапарга аттануу сунушталбайт. Себеби, муну менен организмди олуттуу сыноолорго түртөсүз. 
  • Тамак-аштын даярдалуусуна жана сакталуусуна көңүл буруңуз. Майрам күндөрү азыктардан ууланып калбаш үчүн салаттарды, эттен жасалган азыктарды жана башка ушул сыяктуу даамдарды жеткиликтүү өлчөмдө жасаганыңыз оң. Тамак-ашты бир суткадан ашык сактабаш керек.
  • Азык-түлүктөрдү сатып алууда өзгөчө көңүл буруңуз. Сөзсүз түрдө товардын чыгарылган жана сактоо мөөнөтүн карап алыңыз.
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0