Жаңы жылдык маанай: ырчылар Кыргызстанды куттукташты

Жазылуу
Музыканттар кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, атайын музыкалык белек даярдашкан. Алардын башкы максаты — элге позитивдүү маанай тартуулоо.

Идеянын авторлорунун бири Жакен Чотайдын айтымында, белгилүү "Балаты" ырын кайрадан аткарып чыгууну таанышы Кира Умарова экөө ойлонушкан. Алар музыкалык продюсер Виктория Юртаевага башка ырчыларды да чакырышкан. 

Жакен Чотай атасы менен бирге отуруп ырдын аранжировкасын жасап, андан соң ырга клип тартышкан. 

"Бул кыргызстандыктарга жаңы жылдык белек катары даярдалды. Башкы максатыбыз — элге жагымдуу маанай тартуулоо. Биз болгон күчүбүздү жумшап аны видеокамера аркылуу берүүнү чечтик. Электрондук үн болбош үчүн атайын акустикалык "Балаты" даярдап, ар бир аспаптын жанында адам турат", — деди Чотай.

Ырды белгилүү ырчылар Юлия Руцкая, Ырыскелди Осмонкулов, Аяна Касымова, Нурлан Мамбетов жана башкалар аткарышкан. 

Клиптин башында жаңы жылдык маанайы жок, Ала-Тоо аянтына өз жумуштары менен алек болуп келген каармандан башталат. Бир убакта ал башкы балатынын жанына келип калганын байкап анын сулуулугуна суктана баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0