Чүйдө кургак учукка кабылган балдардын саны өсүүдө

Жазылуу
Баарынан да коркунучтуусу дартка чалдыккан балдардын көбү илдеттин кымбат жана узакка дарылана турган туруктуу түрүнө кабылышкан.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Чүй облусунда кургак учук менен ооруган балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган аймактын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана оорунун алдын алуу борборунун башкы дарыгеринин орун басары Гүлбара Ишенапысованын айтымында, өтүп бараткан жылдагы 11 айдын ичинде кургак учук оорусуна кабылган 1 112 бала катталып, анын 63ү 14 жашка чейинки балдар экени такталган.

"Кургак учукка кабылган жаш балдардын саны көбөйүүдө. Баарынан да коркунучтуусу алардын көбү дарттын кымбат жана узакка дарылана турган туруктуу түрүнө кабылышкан", — деп жазылат маалыматта. 

Ишенапысова мындан сырткары жергиликтүү бийлик кургак учукка кабылгандардын транспорттук чыгымдарын гана жабуу менен чектелбестен, тамактануусун күчтөнтүп, аларга карата кодулоону жоюу керектигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0