Тез жардам кызматы жаңы жыл түнү күчөтүлгөн режимде иштейт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кошумча дары-дармектер алынып, унаалар бензин менен камсыздалды.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 31-декабрь күнү Тез жардам кызматынын 38 бригадасы нөөмөткө чыгат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдун айтымында, кошумча дары-дармектер алынып, унаалар күйүүчү май менен камсыздалды. 

"Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй 31-декабрь күнү тынч болот. Ал эми 1-2-январь күндөрү чакыруулар көбөйөт. Ошондуктан кошумча консультанттар да жардамдашат", — деди Шаяхметов. 

Тез жардам станциясы эртең, 28-декабрь күнү, жыл жыйынтыгын чыгарып, өзгөчөлөнгөн адистерге грамоталарды тапшырат.

Бишкекте өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0