"Азия МIX" бүгүн кечинде Санкт-Петербургда күйөрмандары менен жолугат

© Фото / Сергей АндриановИнтервью с игроком КВН команды "Азия MIX" Ситорой Фармоновой
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азия МIX" командасы Россиядагы КВНдин чемпиону аталгандан кийин ар кандай теле жана интернет долбоорлор менен алектенерин айтышкан. Учурда команда Санкт-Петербург шаарында гастролдоп жүрөт.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Азия МIX" командасы бүгүн кечинде Санкт-Петербург шаарында күйөрмандары менен жолугушуу өткөрөрүн команданын директору, капитан Элдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Учурда Санкт-Петербург шаарында "Финал Высшей Лиги: Концерт на Бис!" концертинин алкагында гастролдоп жүрөбүз. Бүгүн кечинде Борбор азиялык күйөрмандарыбыз менен жолугушуу болот", — деди Абдил.

КВНдин финалынан кийин Элдияр Кененсаров команданын негизги курамы мындан ары теле жана интернет долбоорлор менен алектенерин билдирген.

"Азия MIX" КВН командасынын жетекчиси Элдияр Кененсаров менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0