БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө "Экстремизм, терроризимге каршы туруу" аталыштагы семинар өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Аталган семинарды ИИМдин 10-башкы башкармалыгы уюштуруп, ага Нарын облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азизов, Нарын шаарынын прокурору, ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери, ЕККУ жана Нарын казыятынын өкүлдөрү катышты.
Семинар алкагында ИИМдин 10-башкармалыгынын өкүлү жана катышуучулар экстремизм менен терроризмдин алдын алууга багытталган маселелерди талкуулап, аткарылган иштерге саресеп салышты.
Эске сала кетсек, аталган семинар өлкөнүн башка облустарында дагы уюштурулган.