БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып каттам ачылганын ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бүгүн эртең менен саат 9.20 чамасында аталган унаа жолунун 177-чакырымына болжол менен 2100 куб метр кар көчкү түшүп, унаалар өтө албай калган.
"Саат 11.35те жолдун бир тарабы тазаланып, унаалар өтө баштады", — деп айтылат маалыматта.
Унаа жолду тазалоо иштерине №960 жол тейлөө ишканасынан тиешелүү техника тартылган.