Ош аэропорту тумандан улам убактылуу ишин токтотту

© Фото / Зульфия ТургуноваЗадержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша
Задержание 11 авиарейсов в аэропорту Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Москвадан келген учактар Бишкек шаарына конду.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ош аэропорту тумандан улам ишин токтотту. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аэропорт бүгүн таңкы саат төрттөн баштап иштебей жатат. 

"Тумандан улам Москвадан келген үч рейс Бишкекке конду. Бүгүн учактар кармалышы мүмкүн. Андыктан кардарлар 03222 901-01 телефон номери аркылуу тактап алышса болот", — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 10 күн мурун да ушундай жагдай жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0