КРдин Жогорку Советинин президиумунун биринчи төрагасы Толубаев эскерилет

© Sputnik / Дронов / Медиабанкка өтүүПрезидиум Верховного Совета Киргизской ССР
Президиум Верховного Совета Киргизской ССР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Толубаев иштеген жылдары Кыргызстанда мамлекет катары өнүгүүнүн, парламенттик башкаруунун негизи калыптанган.

БИШКЕК, 23-дек. — Spitnik. Мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун биринчи төрагасы Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өткөрөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

26-декабрда боло турган иш-чарага Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар, коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Асаналы Толубаевдин жакындары катышат.

"1896-жылы азыркы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Аскер айылында туулган. Толубаев 1938-жылы биринчи жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине болгон шайлоодо депутат болуп шайланып, ошол эле жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы кызматына киришкен. Ал аталган жогорку жана жооптуу кызматта 1943-жылга чейин үзүрлүү эмгектенген. Ушул жылдары Кыргызстанда мамлекет катары өнүгүүнүн, парламенттик башкаруунун негизи калыптанган", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эл чарбасын көтөрүүдө, Кант — Балыкчы темир жолунун, Чоң Чүй каналынын курулушуна, Улуу Ата мекендик согуш жылдарында СССРдин Европа бөлүгүнөн эвакуацияланган өнөр жай ишканаларын жайгаштырууда өзгөчө эмгек сиңирген. 

"Биринчи төрага1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасын өткөрүүдө, 1940-жылы кыргыз жазуусун латын тамгасынан орус графикасынын негизинде түзүлгөн кыргыз алфавитине которууда баа жеткис салым кошкон. Анын жетекчилигинде 1939-жылы Кыргыз ССРинде жалпы эл каттоо ийгиликтүү ишке ашкан", — деп айтылат.

1941-жылы республика алдындагы жигердүү эмгеги үчүн Асаналы Толубаев Ленин ордени менен сыйланган. Кийинчерээк 1997-жылы анын ысымы Бишкектеги №49 мектепке ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0