Ош шаарында мал союучу жайлардын бардыгы жабылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-байрама в городе Реутов в Подмосковье
Празднование Курбан-байрама в городе Реутов в Подмосковье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мал союучу жайлардан чыккан саркынды суулар жеке турак жайларга кирип кетип жатат.

ОШ, 22-дек. — Sputnik. Ош шаарында мал союучу жайлардын бардыгы жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, мал союучу жайлардан чыккан саркынды суулар жеке турак жайларга кирип кетүүдө.

"Мындан сырткары, мал союлуучу жайлардын санитардык абалы талапка жооп бербегендиктен жугуштуу оорулардын таркашына себеп болушу мүмкүн. Андыктан адистер Ош шаардык мэриясы менен макулдашып ушундай чечимге келишти", — деп билдирди Исаков.

Эми мал союучу жайлардын ордуна эт комбинаты ишке киргизилип, тиешелүү шарттар түзүлөт.

"Ал комбинаттан элге тараган эттин санитардык абалы тыкыр көзөмөлгө алынат. Ошондой эле жумуртка, эт, сүт сатуучу атайын жайларды түзүү демилгеси мэрияга сунушталды", — деди Исаков.

Ал мал союлуучу жайлар жабылгандыктан касапканаларда иштеген жарандар жумушсуз калбай тургандыгын, аларга эт комбинаты ишке кирээри менен жумуш орундар карала тургандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0