Эл өкүлдөрү баш тарткан кызматтык унаалар китепканага берилишине нааразы

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын архивдик сүрөтү
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева кызматтык унаалар ИИМге берилсе натыйжалуу болмоктугун белгиледи.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Депутаттардын баш тарткан кызматтык унаалары Акыйкатчы институтуна, китепканаларга берилип, алар бензинге бюджеттен акча алып жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Белгилей кетсек, алтынчы чакырылыштын депутаттары кызматтык унааларынан жана бир жардамчысынын баш тарткан. 

"Мен буга чейин эле айтып чыктым эле. Биз баш тарткан унааларды ИИМге өткөрүп берүү керек. Аларда унаа жетишсиз. Менин маалыматым боюнча кызматтык унаалар Акыйкатчы институтуна, китепканаларга берилиптир. Алар бензинге бюджеттен акча алат экен", — деди Алтыбаева. 

Депутат аталган унаалар ИИМге берилсе натыйжалуу болмоктугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0