Бишкектин төрт районунун тротуарлары 12 млн. сомго оңдотулат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТротуар оңдоо. Архив
Тротуар оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 21-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 29-декабрда аяктайт.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектин төрт районунун тротуарларына оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү үчүн "Бишкекасфальтсервис" ишканасы тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Ленин, Биринчи Май, Октябрь жана Свердлов райондорунун тротуарларын оңдотуу үчүн "Бишкекасфальтсервис" жалпы жонунан 11 миллион 783 миң 520 сом сарптоого даяр. Тагыраагы, ар бир районго 2 миллион 945 миң 880 сомдон сарпталат. 

Тендер 21-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 29-декабрда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0