Мэрия өлгөн малдын этин Ош базардан эки жолу издеп таппаганын айтты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-Байрама в Новосибирске
Празднование Курбан-Байрама в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИБ менен Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери 20-декабрда түнкү саат экиден таңкы алтыга чейин бардык сатуучуларды текшерген.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Шаар мэриясы апта башынан бери Ош базарын эки ирет текшерип, өлкөн малдын этин тапкан жок. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) кабарчылары журналисттик иликтөө жүргүзүп, Ош базарында өлкөн малдын эти ой-келди сатылып, аларды көбүнесе колбаса цехтери аларын айтышкан.

ИИБ менен Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери 20-декабрда түнкү саат экиден таңкы алтыга чейин бардык сатуучуларды текшерген. 

"Текшерүүдөн санитардык нормаларды бузуу же сапатсыз эт саткандар аныкталган жок. Бардык сатуучулардын тиешелүү документтери бар болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектеги тез татым жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен сатып алынып, лабораторияга берилген бургер. Sputnik иликтөөсү
Маалымат кызматынын билдиргенине караганда сатыкка чыккан эттин баары жергиликтүү лабораториядан текшерүүдөн өтөт. Эгер эт сапатсыз экени билинсе, жок кылынат.

Кепке тартылган соодагерлердин айтымында, КТРКнын репортажы чыккандан кийин өлгөн малдын эти сатылганы байкалган эмес. 

Бардык сатуучуларга сапатсыз эт саткан учуру аныкталса, мыйзам алдында жооп берери эскертилди. 

Ал эми өлгөн малдын эти сатылары тууралуу атайын репортаж даярдаган КТРК журналисти Элнура Молдокадырова маалымат жыйында сапатсыз эт сатуу бизнесине үлкөн чиновниктердин катыштыгы бар экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0