БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы мектеп окуучулары кышкы каникулга 2016-2017-жылга каралган базистик окуу планы боюнча 30-декабрдан 10-январга чейин 12 күнгө чыгарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, ноябрдын аягы жана декабрдын башы менен Бишкек шаарындагы бардык мектептер, Чүй, Жалал-Абад облустарындагы бир катар мектептер сасык тумоодон улам карантинге жабылган болчу. Карантинге жабылган жалпы мектептердин саны 161ге жеткен.
Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы кышкы каникулдун узактыгы ар бир райондо түрдүүчө белгилениши мүмкүндүгүн айтты.
"Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү мектептер сасык тумоодон улам карантинге жабылган убакытты эске алып, кышкы каникулдун мөөнөтүн Билим берүү министрлиги менен макулдашып аныктайт", — деп түшүндүрүштү министрликтен.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы мектептерде учурда экинчи чейрек аяктап бара жатат.