Жээнбеков Ысык-Көл облусун кыдырат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында өкмөт башчы мектептердин курулушу менен таанышып, айыл чарба кооперативдеринен кабар алат.

БИШКЕК, 20-дек. – Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусун кыдырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Жээнбеков бүгүн, 20-декабрь күнү Ысык-Көлгө аттанат. 

"Өкмөт башчы Кара-Шара айылындагы спорт залдын ачылышына катышып, Кара-Коо айылындагы мектептин курулушу менен таанышат. Мындан сырткары, Ак-Өлөңдөгү балык чарбасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат", — деп жазылат маалыматта. 

Жээнбеков иш сапарынын алкагында Жон-Булак айылындагы мектептин ачылышына катышып, Кызыл-Суудагы мектептин курулушун текшерет. Өкмөт башчы кошумча айыл чарба кооперативдеринин иши менен таанышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0