Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТуман учурунда көчөдө турган адамдар. Архив
Туман учурунда көчөдө турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында күн суук болот.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Канат Абдрахматов: апрель-майда жалпысынан жер 8 миңге жакын теремелет
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас облустарында 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 5 градус суук болот. Ысык-Көлдө 5 градус суук болсо, Нарында 10 градус сууктан 15 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0