Facebook Messenger тиркемесинде Snapchat кызматындагыдай функциялар пайда болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиркемени иштеп чыгуучулардын маалыматы боюнча видеого бир канча эффектини кошууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Facebook Messenger теркемесинде 3D беткап жана атайын эффектилерди кошо турган мүмкүнчүлүк пайда болгонукомпаниянын расмий блогунда маалымдалды. 

Эми колдонуучулар фото менен видеого бир гана жазууларды жазуудан тышкары түрдүү визуалдык эффектилерди кошо алышат.

Жаңычылдыктарга "Менин күнүм" деген бөлүмдү кошууга болот. Анда колдонуучулар досторуна 24 сааттан кийин автоматтык түрдө өчүп кала турган сүрөт, видеолорду жөнөтө алышат. Мындай функциялар Instagram Stories жана Snapchat кызматтарында колдонулуп келет.

Жаңычылдыктарды колдонуу үчүн тиркеменин жаңыланган версиясын көчүрүп алуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0