Балдар үчүн жаңы жылдык костюмдарды ижарага кайдан жана канчага алууга болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование нового года в Бишкеке
Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ата-энелер үчүн жаңы жылдык костюмдардын бааларын жана даректерин тактап көрдү.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Жаңы жылды утурлай балдар бакчасынан тарта мектептерге чейин жаңы жылдык балатыга даярдыктар көрүлө баштады. Балдар жан-жаныбарлардан баштап мультфильмдин каармандарынын образын жаратуучу жаңы жылдык кийим кийиши керек.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ата-энелер үчүн жаңы жылдык костюмдардын бааларын жана даректерин тактап көрдү.

1."Фея" дүкөнү
Тыныстанов, 116 дареги. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры. 2-кабат
2-15 жаштагы балдар үчүн.
Бир күндүк ижара баасы 300-800 сом

2. "Мир сказок" дүкөнү
Абдрахманов, 230. Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры. 1-кабат.
3-12 жаштагы балдар үчүн.
Бир күндүк ижара баасы 500 сомдон өйдө.

3. "Сказка" дүкөнү
Аламүдүн —1 кичи району. Мичурин көч., 199
2-15 жашка чейинки балдар үчүн.
Бир күндүк ижара баасы 400-550 сом. 

4. Жеке үй.
Димитров, 13 көчөсүндө Фучик паркынын жанында жайгашкан.
2-13 жаштагы балдар үчүн.
Бир күндүк ижара баасы 200-1500 сомго чейин.

5. "Фатима"
Акылбеков, 40. (ТЭЦ аймагы)
2-15 жаш балдарга
Бир күндүк ижара баасы 450-800 сомго чейин.

6. "Ирина"
Тыныстанов, 8/48.
3-15 жаш курактагы балдар үчүн
Бир күндүк ижара баасы 300-500 сомго чейин. 

7. Artfly дүкөнү
Аламүдүн-1 району, "Арзан+" соода борбору.
Бир күндүк ижара баасы 200 сомдон жогору.

8. "Фунтик" дүкөнү
Горький көчөсү. "Таш-Рабат" соода борбору
2-15 жашка чейин
Бир күндүк ижара баасы 500 сомдон жогору

Бишкекте өтө турган жаңы жылдык иш-чаралардын программасын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0