Окумуштуулар: интернет жана ноутбук студенттердин жетишкендигин төмөндөтөт

Жазылуу
Окумуштуулар 15 лекцияны катары менен окуп студенттердин эске тутуусун текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында компьютер көп колдонгон студенттер текшерүү иштеринде начар баа алып калышкан.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Компьютерде көп отуруп жана интернетти тез-тез колдонуу студенттердин жетишкендиктерин акырындык менен төмөндөтө турганын окумуштуулар тастыкташкан. Бул тууралуу РИА Новости Psychological Science журналына таянып билдирди.

"Интернет бир гана мектеп окуучуларынын жетишүүсүнө терс таасир тийгизбестен, студенттерге да пайда алып келбейт. Алар кереги жок учурларда деле ноутбуктарын ала келишет. Бул лекцияны эске тутуп калууга тоскоол болот", — деди АКШ университетинен окумуштуу Сьюзан Равицца.

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: былтыр рактан дүйнө боюнча 8,7 млн. адам көз жумган
Окумуштуулар 15 лекцияны катары менен окуп студенттердин эске тутуусун текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында компьютер көп колдонгон студенттер начар баа алып калышкан. Атургай ноутбуктарын билим алуу максатында колдонгон студенттер да төмөн баа алышкан. 

Окумуштуу Равицца лекцияны колго жазуу менен студент көп нерсени эске тутуп калаарын эскерткен. Мындан улам ал студенттер сабак учурунда интернет, ноутбуктарга алаксыбаш үчүн лекциялардын презентацияларын сабакка чейин жана сабактан кийин компьютерлерге салып коюуну токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0