Муфтият казылардан отчет алып, райондорго компьютер тапшырат

© Фото / пресс-служба казыята мусульман Ошской областиТөлөйкөндагы "Жалгыз-Бак" мечитинин жасалгасы сынактын идеясын жаратты
Төлөйкөндагы Жалгыз-Бак мечитинин жасалгасы сынактын идеясын жаратты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казыяттар диний сабырсыздыкты, радикализмди болтурбоо боюнча жасалган иштер боюнча да маалымат беришет.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түндүк аймактык казыяттар арасында жыл жыйынтыгын чыгарып, облус казылары кылган иштери боюнча отчет берет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Мындан сырткары, муфтият райондук хатибияттардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында компьютерлерди тапшырмакчы.

"19-декабрда түндүк аймактык казыяттар арасында жыл жыйынтыгы чыгарылып, облус казылары жана дин кызматкерлери отчет берет. Андан сырткары, райондорго компьютерлер жана принтерлер берилет", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Маалыматта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы диний сабырсыздыкты, радикализмди болтурбоо жана Ханафий мазхабынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирип жатканы айтылган.

Казыяттар ал күнү бул багытта жасалган иштер боюнча да маалымат беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0