Кумтөр жайлоосунда ээн-эркин жүргөн аркар-кулжалардын видеосу

© Фото / Влад УшаковТоп-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумтөр жайлоосунун аймагынын бир тарабы Сарычат-Эрташ коругуна тиешелүү болгондуктан мында аркар, кулжалар абдан көп.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Facebook колдонуучуларынын бири Акылбек Дүйшөмбиев өзүнүн баракчасына Кумтөр кенинин аймагында жүргөн аркарлар тартылган видеону жүктөгөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги видеонун автору Сардар Дүйшөмбиевди таап, маалымат алды. 

Дүйшөмбиев өзү "Кумтөр" кенинде эмгектенет. Анын айтымында, Кумтөр жайлоосунун аймагынын бир тарабы Сарычат-Эрташ коругуна тиешелүү болгондуктан, мында аркар, кулжалар жакшы сакталып калган. 

"Жумушта жүрүп, ар кандай жаныбарларды көп көрөбүз. Алардын жашаган жеринде көп жылдан бери адамдар иштеп жүргөндөн уламбы, айтор, киши же унаа көргөндө кичине эле алыстап койбосо, жаа-бою качышпайт. Азыр Кыргызстанда мындай жаныбарларды көп кезиктирүү мүмкүн болбой калбадыбы. Бирок бир аймакта болсо дагы ушунчалык сакталып калганы кубандырбай койбойт", — деди Дүйшөмбиев.

Анын айтымында, Кумтөрдүн аймагында карышкыр, түлкү сыяктуу жаныбарлар көп.

Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарларынын сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0