Москвада Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Исмаил МамытовМөмө-жемиштер. Архив
Мөмө-жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө кыргыз товарларын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында таанытуу максатында уюштурулууда.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Бүгүн, 16-декабрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде кыргыз товарларынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу элчилик билдирди. 

Маалыматка ылайык, Москва шаарында өтө турган көргөзмөгө эт азыктары, кургатылган мөмө-жемиштер жана консерваланган азыктар коюлат. 

"Мындай чоң көргөзмө алгачкы жолу өтөт. Иш-чара кыргыз товарларын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагына жайылтуу максатында уюштурулуп жатат. Ага ЕЭАБдин өкүлдөрү жана башка консулдуктар дагы катышат", — деди элчиликтин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова.

Көргөзмөнүн расмий ачылышы 12:00дө Большая Ордынка көчөсүндө болуп, 18:00гө чейин уланат. 

Аны Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен кыргыз ишканаларынын ал жактагы өкүлчүлүктөрү уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0