Активисттер үй-жайсыз калган 40 адамдын курсагын тойгузуп кийинтти

© Фото / Лера СадыгалиеваБишкекте активисттер тарабынан "Башка адамдар" аталышындагы акция болуп өттү
Бишкекте активисттер тарабынан Башка адамдар аталышындагы акция болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аз камсыз болгон жарандар менен үйсүздөргө ысык чай, булочка, пирожки берилип, жылуу кийимдер таратылган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекте активисттер тарабынан "Башка адамдар" аталышындагы акция болуп өттү. Бул тууралуу акцияга катышкан Лера Садыгалиева билдирди. 

© Фото / Лера СадыгалиеваБишкекте активисттер тарабынан "Башка адамдар" аталышындагы акция болуп өттү
Бишкекте активисттер тарабынан Башка адамдар аталышындагы акция болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте активисттер тарабынан "Башка адамдар" аталышындагы акция болуп өттү
© Фото / Лера СадыгалиеваАз камсыз болгон жарандар менен үйсүздөргө ысык чай, булочка, пирожки берилип, жылуу кийимдер таратылган.
Аз камсыз болгон жарандар менен үйсүздөргө ысык чай, булочка, пирожки берилип, жылуу кийимдер таратылган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аз камсыз болгон жарандар менен үйсүздөргө ысык чай, булочка, пирожки берилип, жылуу кийимдер таратылган.
1/2
Бишкекте активисттер тарабынан "Башка адамдар" аталышындагы акция болуп өттү
2/2
Аз камсыз болгон жарандар менен үйсүздөргө ысык чай, булочка, пирожки берилип, жылуу кийимдер таратылган.

"11-декабрда 40дан ашуун муктаж адамдарга кийим-кечек тартууланып, тамак берилди. "Аламүдүн" кичирайонунда, Аламүдүн менен Орто-Сай базарында, ЦУМ, борбордук чиркөө, "Дордой" базары, Фере көчөсүндөгү түнөө жайы жана үйсүздөр үчүн ачылган "Коломто" баш паанек жайындагы адамдарга жардам көрсөтүлдү", — деп билдирди активисттер. 

Аз камсыз болгон жарандар менен үйсүздөргө ысык чай, булочка, пирожки берилип, жылуу кийимдер таратылган. 

"Үйсүз адамдар шекер салынган ысык чайга сүйүнгөнүн көрүп абдан таң калдык. Биз үчүн мындай чай көнүмүш нерсе болсо, бирөөлөр үчүн чоң бакыт", — деп билдирди Садыгалиева. 

Активист акцияга катышкандарга ыраазычылык билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0