Башкы прокуратура: депутаттыкка талапкерлердин үстүнөн арыздар түштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСостоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры
Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көзөмөлдөөчү органдарга соттолгон жана чет элдик жарандыгы талапкерлер боюнча дагы арыздар түшкөн.

БИШКЕК, 15-дек.— Sputnik. Референдумга жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу өлкөнүн прокуратура органдарына 20 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. 

Үч кайрылуу жарандардын шайлоо укугунун бузулушуна байланыштуу болгон. Арыздар шайлоо комиссиясына жана Мамлекеттик каттоо кызматына кароого жиберилип, кайрылуу негиздүү деп табылган. Ошондой эле алардын шайлоого катышуу конституциялык укугу калыбына келтирилген. 

Образец старого паспорта гражданина КР - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо: 1239 жаран шайлоого эски паспорт менен келди
Эки арыз буга чейин соттолгон жана чет элдик жарандыгы бар талапкерлерге карата жазылган. Арыздануу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, ал талапкерлерди тизмеден алуу чечими кабыл алынган. 

Беш арыз шайлоо алдындагы үгүт иштериндеги мыйзам бузууларга байланыштуу болгон. Алар ички иштер органдарына жана аймактык шайлоо комиссиясына жиберилген. 

Калган арыздар шайлоо комиссиясынын курамына жана саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесине байланыштуу болгон. 

Башкы прокуратура 11-декабрда өткөн референдумда жана жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда массалык мыйзам бузуулар жана шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен окуялар боюнча арыздануулар болбогонун белгилейт. 

Бирок ага карабай көзөмөлдөөчү орган келген бардык билдирүүлөр жана каттар боюнча текшерүүлөрдү улантып, тиешелүү органдардын кабыл алган чечимдеринин негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун көзөмөлдөө улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0