Икрамов: 163 млн. сомдук тендерди 89 млн. сунуштаган компания жеңди, сапатычы?

Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов акча аз сунуштаган компания ишти кандай сапатта аткара турганына кызыкты.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Мектептерди интернет менен камсыздоо үчүн 163 миллион сомдук тендерди 89 миллион сом сунуштаган компания жеңип алды. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, Билим берүү министрлиги өлкө аймагындагы мектептерди интернетке туташтыруу үчүн тендер жарыялаган.

"Өлкө боюнча 2218 мектеп бар. Алардын 1525инде интернет жок. Жакында эле 620 мектепти интернетке кошуу үчүн тендер өткөрүлүп, долбоорду ишке ашыруу үчүн 163 миллион сом каралаган. Тендерге катышуу үчүн алты сунуштун ичинен 89 миллион сом сунуштаган компания утуп алыптыр. Иштин сапаты кандай болот?" — деп суроо салды Икрамов. 

Эл өкүлү алыскы аймактардагы мектептерге интернет жетсе жакшы болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0