Базар-Коргондук дыйкан 30 тонна муздаткыч жай куруп, анын көлөмүн көбөйтүүнү пландоодо

© Фото / Талгат БакиевПостройка логистического центра в Базар-Коргоне
Постройка логистического центра в Базар-Коргоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдан төрт миң долларга алып келинген муздаткычты орнотуу карапайым дыйкан үчүн оңойго турган жок.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Базар-Коргондук дыйкан Баймырза Халмырзаев миллион сомго өз үйүндө 30 тонналык муздаткыч, тагыраагы логистикалык жай куруп, учурда сыноо максатында үч тонна курманын мөмөсүн сактап жатат.

Дыйкан 3 жылдан бери изденип жаткан ийгилиги ишке ашып муздаткыч куруп эле токтоп калган жок. Ал эки гектар жерге жүзүм, бир гектарга миң түп курма өстүрүп баштады. Бул жылы жүзүмү мөмө байлап, базарга сатыкка чыгарды. Ал эми келечекте муздаткыч кампанын ичин 100 тонналык көлөмгө кеңейтүүнү пландап жатат.

© Фото / Талгат БакиевБазар-Коргондук дыйкан Баймырза Халмырзаев миллион сомго өз үйүндө 30 тонналык муздаткыч, тагыраагы логистикалык жай куруп, учурда сыноо максатында үч тонна курманын мөмөсүн сактап жатат.
Базар-Коргондук дыйкан Баймырза Халмырзаев миллион сомго өз үйүндө 30 тонналык муздаткыч, тагыраагы логистикалык жай куруп, учурда сыноо максатында үч тонна курманын мөмөсүн сактап жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Базар-Коргондук дыйкан Баймырза Халмырзаев миллион сомго өз үйүндө 30 тонналык муздаткыч, тагыраагы логистикалык жай куруп, учурда сыноо максатында үч тонна курманын мөмөсүн сактап жатат.
© Фото / Талгат БакиевКелечекте муздаткыч кампанын ичин 100 тонналык көлөмгө кеңейтүүнү пландап жатат.
Келечекте муздаткыч кампанын ичин 100 тонналык көлөмгө кеңейтүүнү пландап жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Келечекте муздаткыч кампанын ичин 100 тонналык көлөмгө кеңейтүүнү пландап жатат.
1/2
Базар-Коргондук дыйкан Баймырза Халмырзаев миллион сомго өз үйүндө 30 тонналык муздаткыч, тагыраагы логистикалык жай куруп, учурда сыноо максатында үч тонна курманын мөмөсүн сактап жатат.
2/2
Келечекте муздаткыч кампанын ичин 100 тонналык көлөмгө кеңейтүүнү пландап жатат.

Ал алгач аппаратка 50 сотых жерге эккен болгар калемпирин кыштын аягына чейин сактап, беш сомдон өткөрүп жүргөн жашылча-жемишин 50 сомдон сатууга жетишип, алган аппаратын актаган. Кытайдан төрт миң долларга алып келинген муздаткычты орнотуу карапайым дыйкан үчүн оңойго турган жок. Анткени каражат маселеси кыйындык жаратып банктан насыя алган. Ал эми учурда эмгегинин акыбети кайтып, муздаткычтын жыйынтыгы жакшы чыгып, анын ичиндеги температура төмөндөөдө.

"Жашылча жемиштердин ичинен курма 25 градус муздак абада муздаткычта сакталат. Анткени тоңуп калган жемишти жылдап сактоого болот. Ал эми калган жемиштерди 0 градуста үшүк алып кетет. Ошол себептен өлкөдөн сыртка экспорттоо үчүн муздаткыч колдонуу керек болот", — деди дыйкан Халмурзаев.

Ал быйыл биринчи жолу курма сактап аны жаңы жыл алдында сатыкка алып чыгууну көздөөдө. Ал дайыма дыйканчылык менен алектенип, изденүүнүн үстүндө жүрөт. Райондук бийлик дыйкандардын жер-жемишин экспорттоо үчүн бир топ өлкөлөр менен келишим түзүп, быйылкы жылы сатыкка чыгарганга үлгүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0