Ош: мэрдин айдоочусу жол эрежесин бузганын мойнуна алып, айыпка жыгылды

© Фото / Зульфия ТургуноваСлужебный автомобиль мэра города Ош Айтмамата Кадырбаева
Служебный автомобиль мэра города Ош Айтмамата Кадырбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык мэриясына караштуу мамлекеттик белгиси 0001ZA унаасынын айдоочусу 8-декабрь күнү калаадагы көчөлөрдүн биринде жол чырактын кызыл күйүп турганына карабай ѳтүп кеткендиги тартылып алынган видео социалдык тармактарга жарыяланып кеткен.

ОШ, 14-дек. — Sputnik. Мэрдин айдоочусуна жол эрежесин сактабагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу ОШ ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ош шаардык мэриясына караштуу мамлекеттик белгиси 0001ZA унаасынын айдоочусу 8-декабрь күнү калаадагы көчөлөрдүн биринде жол чырактын кызыл күйүп турганына карабай ѳтүп кеткендиги тартылып алынган видео социалдык тармактарга жарыяланып кеткен. 

© Фото / пресс-служба УВД города ОшОш шаардык мэриясына караштуу 0001ZA мамлекеттик номерлүү унаанын айдоочусуна айып пул салынды
Протокол об административном нарушении автомобиля госномером 0001 ZA - Sputnik Кыргызстан
Ош шаардык мэриясына караштуу 0001ZA мамлекеттик номерлүү унаанын айдоочусуна айып пул салынды

"Видеодогу жол эрежесин бузган унаа Ош шаардык мэриясына тиешелүү экендиги аныкталып, унаанын айдоочусуна КР администрациялык кодексинин 233-беренесинин талаптарын бузган деп 1000 сом айып пул салынды. Айдоочу шашылып бара жатып, жол эрежесин бузууга баргандыгын моюнуна алды", — дейт Замир Сыдыков. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул роликти интернетке жүктѳгѳн жаранга жана ЖМКга ыраазычылык билдирет жана кызматташууга дайым даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0