Сасык тумоо Ош менен Баткенде күчөп жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДары дармектер. Архив
Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сасык тумоо республиканын айрым аймактарында басаңдаганы менен, кээ бир облустарда кайра күчөп, мектептердеги карантиндер уланууда.

БИШКЕК, 14-дек.— Sputnik. Ош, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча сасык тумоого кабылгандардын саны 6,4 пайызга азайганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү медициналык жардам сурап кайрылгандар 8735 адам болсо, кечээ бул сан 8169га түшкөн. 

"Ошол эле учурда сасык тумоо Баткенде 27, Ошто 13 жана Ысык-Көлдө 4 пайызга өсүп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Сарымсак, пияз жана перец. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоодон оолак болуунун кыргызча жолдору. Апамдан үй шартындагы беш лайфхак
Сасык тумоонун мындан аркы жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында региндордо айрым мектептер жабылды. Чүй обулусунда —11, Жалал-Абад облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 8, Ош облусунда – 1 мектеп карантинде. Ал эми учурда Бишкек шаарында баардык мектептер иштеп жатат.

Республикада күн сайын сасык тумоого чалдыккандар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0