"Бишкекасфальтсервис" ишканасы 13 млн. сомго шагыл менен кум сатып алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архви
Жол оңдоо иштери. Архви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 13-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 3-январда аяктайт.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы шагыл менен кум сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана кум үчүн 9 миллион 300 миң сом, ал эми шагыл үчүн 3 миллион 700 миң сом сарптоого даяр. Товарды жерине жеткирүү, салык, пошлина жана башка чыгымдар көрсөтүлгөн сумманын ичине кирет.

Тендер 13-декабрда жарыяланып, мөөнөтү 3-январда аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0