Эми КРге келген чет элдик коноктордун 5 күндүк каттоого туруусу жокко чыгарылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАэпортто конокторду тосуп жаткан кыздар. Архив
Аэпортто конокторду тосуп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт "Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жокторду Кыргызстандын аймагында каттоо маселеси жөнүндө" токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Анда кайсы мамлекеттердин жарандарын тийиштүү мамлекеттик органдарда катталуусун жокко чыгаруу каралган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстанга келген кайсы чет мамлекеттин жарандарын беш күндүк мөөнөткө чейин өлкө аймагында каттоосу жок жүрүүгө боло турганын өкмөт 19-декабрда бекитет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Караколдо туристтик сезон үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат
Эске салсак, 2016-жылы 5-октябрда Жогорку Кеңеш "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алган. Бул толуктоо Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Абдывахап Нурбаев, Искендер Матраимов тарабынан демилгеленген. Анда Кыргызстанга беш күндөн көп мөөнөткө келген чет элдик жарандардын каттоого туруусу милдеттендирилген.

Толукталган мыйзамга ылайык тышкы миграция тармагында ыкчам аракеттерди кабыл алуу үчүн өкмөттүн укуктары кеңейтилген.

Өкмөт "Чет элдик жарандарды жана жарандыгы жокторду Кыргызстандын аймагында каттоо маселеси жөнүндө" токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Анда кайсы мамлекеттердин жарандарын тийиштүү мамлекеттик органдарда катталуусун жокко чыгаруу каралган. Ага ылайык, 90 мамлекеттин тизмеси аныкталып, жарандардын каттоого туруу милдети алынып салынат.

Кайсы өлкөнүн жарандары 5 күндөн кийин каттоого туруу милдетинен бошотулаарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрө алсасыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0