Туман тарап, Ош аэропортунда авиакаттамдар аткарыла баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ош
Города мира. Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ош аэропортунда туманга байланыштуу ички жана сырткы каттамдар аткарылбай, кечээ кечинде сегиз каттам кармалып калган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 13-декабрга караган түнү Ош эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштагынан Sputnik Кыргызстан агенттигине аэропорт өкүлү Гүлзина Орунбекова билдирди. 

"Учурда аэропорттун аймагында аба ырайы ачык. Туман бүгүн түнү толугу менен тарап, авиакаттамдар аткарыла баштады. Учурда сырткы дагы, ички дагы каттамдагы учактар кечиктирүүсүз учуп жатышат", — деди Орунбекова. 

Белгилей кетсек, бир нече күн бою Ош аэропортунун аймагындагы коюу туманга байланыштуу ички жана сырткы каттамдарды аткарууга тоскоолдуктар жаралып келген. Кечээ кечке маал сегиз каттам кармалып, Россиядан келе жаткан учактар Бишкекке конууга аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0