Прокуратура: балдарын кан жалата мушташтырган аталардын жазасы жеңил болуп калды

© SputnikFacebook социалдык тармагындагы видеодон тартылып алынган кадр. Өзгөндө балдардын канжалата мушташы
Facebook социалдык тармагындагы видеодон тартылып алынган кадр.  Өзгөндө балдардын канжалата мушташы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш боюнча тергөөнү Өзгөн райондук прокуратурасы аягына чыгарып, ишти сотко өткөргөн. Сот аталарды эки жылга шарттуу кесүү чечимин чыгарган.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Өзгөндө балдарын канжалата мушташтырган аталарга жеңил жаза берилип калгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Өзгөн районунун прокурору Маматкарим Айтикулов билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга кичинекей балдардын бири-бирин уруп, канжалата мушташып, ал эми аларды чоңдордун кубаттап турган видеосу тараган. Милиция видеодогу балдардын жана кишилердин ким экендигин 8-октябрда аныктап чыккан. Натыйжада аталар убактылуу кармоочу жайга киргизилип кийин эки жылга шарттуу кесилген.

"Өзгөн райондук прокуратурасы балдарын мушташтырган аталарга жеңил жаза берилип калды деп эсептейт. Ушуга байланыштуу прокуратура облустук сотко аппеляциялык арыз берди", — деп билдирди Айтикулов.

Белгилей кетсек, балдарын мушташтырган окуя Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0